• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Көк бөрү боюнча Президенттин Кубогунун финалы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 30.08.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кечээ Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо КР Президентинин көк бөрү боюнча Кубогунун арым финалы өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Топтук баскычтын жыйынтыгы боюнча 4 катышуучу: «Мурас» (Талас облусу), «Арашан» (Чүй облусу), «Достук» (Ош облусу), «Биримдик» (Чүй облусу) командалары аныкталды.

Биринчи жарым финалда «Мурас» жана «Арашан» беттешти. Оюн 5:0 эсебинде «Мурастын» пайдасына аяктады.

Экинчи беттеште «Достук» «Биримдикти» 5:1 эсебинде жеңди.

Финал 31-августта өтөт.

Бүгүн, 30-августта 3 жана 4-орун үчүн «Арашан» жана «Биримдик» командалары ойношот.

Көк бөрү – кыргыздардын, алтайлыктардын жана башка Азия элдеринин ат оюну.

Пикир

Оставить комментарий