• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР Президентинин Россияга мамлекеттик сапарын ийгиликтүү сапарлардын бири катары атоого болот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Сапардын 3 түрү бар, алардын ичинен эң жогорку статуста – мамлекеттик сапар. Атамбаевдин Россияга сапарына эң жогорку статус берилген, ал эми жогорку статустун берилиши Россия Федерациясы Кыргыз Республикасын ишенимдүү өнөктөш катары карай тургандыгынан кабар берет. Албетте, Кыргызстан көз карандысыздыгын алгандан бери Россия республиканын стратегиялык өнөктөшү экендигин билдирет.

Муну Кыргызстандын делегациясынан да көрүүгө болот. Алар тааныштырылып, жолугушуулар эң жогорку деңгээлде өттү. Карызды кечүү, КРга аскердик жардам көрсөтүү жөнүндө кол коюлган келишимдер мамилелердин жогорку статусун күбөлөндүрөт.

Бирок, биз азырынча күчүбүз жана тажрыйбабыз жетишсиз экенин түшүнүп турабыз. Дагы бир учурду, Кыргызстан көптөгөн багыттар боюнча кайтарымсыз жардам алып жатканын РФ президенти так белгилеп кетти. Тактап айтканда, пайызсыз, эч кандай келишимсиз. Каражаттары Россия тарабынан бөлүнгөн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду иштеп жатат. Мында биздин жарандар да иштешет. Алар ондогон ири долбоорлорду ишке ашырышууда. Ошондуктан, бул маанилүү учурда жасалган сапар болду.

Кыргызстандын башчысынын мамлекеттик сапарын ийгиликтүү сапарлардын бири катары атоого болот.

Мындай деңгээлдеги сапарды даярдооого бир же эки ай жумшалбайт. Бул иш күн мурунтан аткарылды. Кол коюлган келишимдер боюнча да буга чейин макулдашылып, аларга кол коюу бул сапарга белгиленген. Бул кадыресе тажрыйба.

Мен Россияга болгон сапар жеке Атамбаевди тымызын колдоо деген ырастоолорго кошулбайм. Бирок, жогорудагыдай документтерге кол коюу Кыргызстандын президентинин жеке катышуусунда мүмкүн болгонун айта алабыз. Бул документтерге кол коюу биринчи жана экинчи президенттер тарабынан да көтөрүлгөн. Бирок иш жүзүндө аткарылган эмес. Чыныгы жылыштар төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин келиши менен байкалды. Ошондуктан кандай болсо да карыздар кечилмек деп айтууга болбойт. Мында президентибизди канчалык сынга алышса да, анын эмгеги бар экенин моюнга алуу керек. Ал Кыргызстан үчүн быйыл жакшы шарттарга жетише алды.

КРнын кийинки президентинин Россияга карата мамилеси кандай түзүлө тургандыгын айтканда, мында бизде тарыхый жалпылык бар экендигин айтуу керек. Россиянын бийлиги гана эмес, эксперттик коомчулук жана катардагы жарандар бул дүйнө ар түрдүү экенин түшүнө башташты.

Батыштын Россияга карата санкцияларды кабыл алуусу аларды дүйнөгө акыл калчап карап, чыгышка, анын ичинде Борбор Азияга, Кытайга көңүл бурууга, кызматташууга жаңы багыт берүүгө мажбурлады. Бул биз үчүн жакшы. Биз ортобузда жалпылыктар көп экенин көрүп турабыз. Ошондой эле, жакшы маалыматтар, тажрыйбалык сандар келтирилди.

РФ жана КР ортосундагы сооданын көлөмү өсүп жатат. Тактап айтканда, 3-4 жыл мурда болгон кризис, 2017-жылдагы абал боюнча алганда өтүп баратат. Ошондуктан, айыл чарба товарларынын, калктын керектөө товарларынын жана башкалардын соодасынын өсүшү жүрүүдө. Кыргызстандан экспорттоо 15%, РФдан КРга 20%дан ашык өстү. Бул конкреттүү сандар бизди саясий эле эмес, экономикалык байланыштар да бириктирип турарын далилдейт.

Башка жалпылыктарга эки өлкөнүн бекем маданий байланыштарын кошууга болот. Кыргызстанда РФ жарандары көп экенин, алардын баары Кыргызстандан чыккандарын эстен чыгарбоо керек. Алар мында туулуп, бул жерде жашап жатышат. Булар этникалык орустар гана эмес, этникалык кыргыздар да, этникалык өзбектер да. Башкача айтканда, бүгүнкү күнү ар түрдүүлүк бар. Биздин байланыштарыбыз абдан бекем. Балким, биз аларга өтө көңүл бурбайбыз. Анткен менен Россия менен биздин бул байланыштардын ар кандай жактарын карасак, узак мөөнөттүү байланыштардан да артык экендигин көрөбүз. Тагыраак айтканда, узак мөөнөттүү кызматташуулардын негизи бар.

Кол коюлган эки тараптуу документтер – татыктуу болуп саналат. Ар бир келишим ар түрдүү багыттарда өнүгүүгө жана кызматташууга негиз болот. Бул 11 документтин ичинде бирин-бири кайталоолор жок. Бул ар бири өз алдынча Кыргыз-Россия кызматташуусунун багыттарынын негиздери болуп саналат. Алардын андан аркы өнүгүшү эки өлкөнүн депутаттарынан, министрлик жана ведомстволорунун чиновниктеринен, ошондой эле, өзүбүздүн жарандарыбыздан көз каранды.

КР Президентинин Россияга мамлекеттик сапарын эң жогорку деңгээлдеги ийгиликтүү сапар катары мүнөздөөгө болот. Эгерде ал россиялык борбордук ЖМКлар тарабынан кандай чагылдырылып жатканын караганда, анын позитивдүү экендиги байкалат. Расмий сапарларды чагылдырууда, кыска билдирүүлөр берилет. Жумушчу сапарлар тууралуу маалымдалбайт же билдирүү 10 секунддан ашпайт. Ал эми мында мамлекеттик сапардын деңгээлинен улам, борбордук россиялык каналдар боюнча толук кандуу 3-5 мүнөттүк репортаждар чыгып жатат. 2005-2010-жылдардагы окуялардан кийин мындай позитивдүү мүнөз болбогондугун эске алганда, бул биз үчүн жакшы көрсөткүч. Ал эми азыркы тапта жылуу мамиле жасалууда. Ошондуктан, менимче, россиялык ЖМКлар бул тууралуу туура көз карашта, жакшы ойдо айтып жатышканы, россиялыктарда туура образды калыптандырып жаткандыктары, айрыкча КР жараны эмес, Кыргызстандан чыккан, КРда төрөлгөн адамдар катышкан терактар өңүтүнөн алганда макулдашууларды чагылдырууда мындай позитивдүү, ак ниеттик бул үчүн маанилүү болуп саналат.

Президентти жана бийликти сынга алган адамдар дайыма табылат. Бирок, кечирип коюңуздар, биз ЕАЭБ мүчөсүбүз жана бул бирликке кирип, узак мөөнөттүү кызматташуу тууралуу келишимге кол койгонбуз. Ал эми Россия биз үчүн стратегиялык өнөктөш. Биз бул тууралуу бир нече ирет билдиргенбиз жана учурда россиялык ЖМКлардын КР президентинин сапарын чагылдыруусу 2017-жылдын июнуна чейин аткарылган иштердин жемишин берүүдө.

Ошондуктан биз үчүн сапар кандай өтүп, канча документке кол коюлганы гана эмес, анын Россия Федерациясынын жарандарына, РФда иштеген биздин жарандарыбызга тийгизген таасири да маанилүү.

Ушундан улам, мен, борбордук россиялык телеканалдарда мындай толкун жүрүп жатканда бул да биздин жарандарга таасир берип, аларды сыймыктандырат деп ойлойм. Буга байланыштуу алардын россиялык кесиптештери жана чогуу иштеген чет элдик достору аларга кыйла сый мамиле жасап калышат.

Алдыдагы Татарстан жана Башкырстандын башчылары менен жолугушуулар тууралуу... Биз Россиянын бардык аймактарынын ичинен Татарстан, Башкырстан жана Свердлов облусу менен тыгыз байланыштабыз. Алар Кыргызстанды салттуу түрдө өнөктөш катары санашат. Ошондуктан, сапарга барып, федералдык жетекчилик менен жолугушканда, жылуу мамилелер калыптанган бул адамдар менен, РФ субъекттеринин башчылары менен да жолугушуу зарыл.

Татарстандын президенти жана Башкырстандын президенти өткөн жылы Дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюнунда болушкан. Бул республикалардын башчылары келип катышуулары менен оюнга колдоо көрсөтүшкөн. Ал гана эмес, бизде этникалык, крымдык жана казандык татар кыргызстандыктардын арасында кыйла белгилүү, өлкө үчүн кызмат кылган адамдар бар. Ошондуктан, мындай өлкөлөр менен иштешүү, кызматташуу зарыл. Бизди дин жана түрк дүйнөсүнүн өкүлдөрү болгонубуз, түрк тилдеринде сүйлөгөнүбүз гана байланыштырбастан, жакшы достук, туугандык мамилелерибиз бар.

Булагы: АКИпресс

Пикир

Оставить комментарий