• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР президенттин аппаратынан өлкөнүн союздаштары жана стратегиялык өнөктөштөрү тууралуу айтып беришти

Президент 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. КР президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков Кыргызстандын өнүгүүсүндөгү тышкы саясаттын багыттары тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айтып берди.

Ал кайсыл принцип боюнча Кыргызстан башка өлкөлөр менен диалог курат жана өлкөнүн тышкы саясатынын концепциясынын негизги ролу тууралуу маалымат берген.

Тактап айтканда, Кыргызстандын союздаштары Россия жана Казакстан. Алар 2000-жылдын 27-июлунда кол коюлган түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк тууралуу кыргыз-орус Декларациясы жана 2003-жылдын 25-декабрда союздук мамиле тууралуу кыргыз-казак Келишими менен бекемделген.

“Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кытай жана Түркия да Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрү болуп эсептелет”, - дейт Сыдыков.

Анын айтуусу боюнча, жакында тышкы саясат бөлүмү тарабынан кабыл алынган концепция КРнын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен аталган өлкөлөр менен өнөктөштүк байланышты жана ар тараптуу диалогду курууну алдыга коет.

“Буга чейин анын ичинде Кыргызстандын кызыкчылыктары айтылган эмес. Бул жолку кабыл алынган концепцияда өлкөнүн кызыкчылыктары даана жазылган. Ал Кыргызстандын союздаштары, стратегиялык өнөктөштөрү жана региондогу коңшулары менен кызматташууда жана ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында артыкчылыктары белгиленген”, - деди Сыдыков.

Сыдыков ал документ 2007-жылдан бери жаңыланган эмес жана туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук стратегия-2040 жараша жаңы документти кабыл алуу керек болгон, дейт.

Пикир

Оставить комментарий