• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР Президентинин ЕБге иш сапары геосаясий мааниге ээ жана бул процесстеги КРнын ролун көрсөтөт – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 20-февраль /Кабар/. Иш сапардын жыйынтыгы боюнча жарыяланган маалыматтан кийин мен Кыргызстан Борбордук Азияда Европа биримдиги үчүн бир кыйла роль ойноп жатат деген ойго келдим. Мындай пикирин “Пикир” аймактык эксперттер клубунун теңтөрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.

“Эгер абал башкача болсо, анда Алмазбек Атамбаев ушул жылы президенттиктен кете турганын эске алганда КРнын Президенти иш сапары менен ЕБге барбайт болчу. Ошондой эле, бул А.Атамбаевдин өлкөнүн тышкы саясатына жооп берген саясатчы катары Кыргызстан аймактык коопсуздукту камсыздоо, Борбордук Азиянын деңгээлинде экономикалык маселелерди чечүүдө маанилүү ролду ойногон мамлекет катары имиджин көтөрө алгандыгын көрсөттү”,-деди ал.

“Пикир” клубунун теңтөрагасы бардык сапарлар Кыргызстан менен европа биримдигинин алдыңкы өлкөлөрүнүн өз ара аракеттеринде гана түзүлдү деп эсептебейт. “Мен А.Атамбаевдин Кыргызстандын Борбордук Азиядагы негизги оюнчулардын бири катары имиджин түзүүдөгү эмгеги зор деп ойлойм. Мындан тышкары, бул иш сапар Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине катышуусуна байланыштуу процесстерге дагы тийиштүү деп эсептейм. Сүйлөшүүлөрдө Кыргызстандын ЕАЭбге катышуу маселеси дагы талкууланганы жөн жерден чыккан жок”,-деди саясат таануучу.

Ошол себептүү И.Шестаков Кыргызстандын аталган интеграцияда роль ойноп жатканы боюнча көз караштан алып караганда дагы бул иш сапар маанилүү деп эсептейт. “Анын үстүнө Европа биздин продукцияларыбызды экспорттоо үчүн белгилүү жеңилдиктерди берди. Жалпысынан ЕБдин негизги өлкөлөрүнүн жана институттардын башчылары менен жолугушуу биздин демократиялык кайра куруунун башында бара жаткан, Борбордук Азияда биринчи болуп парламенттик мамлекет болуп саналарыбызды көрсөтөт. Ошондуктан европа өлкөлөрү Кыргызстандын жетишкендиктерине көңүл бурууда. Мен бул иш сапар дагы Кыргызстандын демократиялык кайра куруусунун жетишкендиктеринин бири деп эсептейм”,-деди И.Шестаков.

Саясат таануучунун айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык маселелердеги айрым кемчиликтерине карабастан, демократиялык кайра курууда мамлекетти постсоветтик аймактагы лидерлердин бири деп айтууга болот. “Ошондуктан мен ушул аспектилердин бары мамлекет башчысынын ЕБге иш сапарынын өзгөчө маанилүүлүгүн арттырат деген ойдомун”,-деди ал.

Иш сапардын алкагында жетишилген макулдашууларга байланыштуу саясат таануучу европа өлкөлөрүнүн айыл чарба чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү каалоосун белгилеп, бирок муну менен бирге бул долбоорлордун иш сапарга чейин эле болгонун билдирди.

“Ошондуктан иш сапар геосаясий маанигэ ээ жана бул процессте Кыргызстандын ролун көрсөттү деп айтсак болот. Мен ушул көз карашта ага баа берүү керек деп ойлойм”,-деп сөзүн жыйынтыктады И.Шестаков.

Пикир

Оставить комментарий