• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР прокуратура органдарынын ардагерлери өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасашты

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ардагерлери өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасашты.

Кайрылууда төмөнкүдөй деп айтылат:

"Акыркы учурда Кыргыз Республикасында болуп өткөн окуялар бизди да, прокуратура органдарынын ветерандарын, мыйзамдуулукту сактоону камсыз кылган кызматтын мурдагы өкүлдөрү катары, кайдыгер калтырбай, түйшөлттү.

Ар кандай кыйынчылыктар менен жеткен мамлекетибиздин эгемендүүлүгү жана укуктун үстөмдүгү бир заматта конституциялык талаадан сырткары чыгып кала турган учурга кептелди. Бактыга жараша, Кыргызстан элинин калыстыкты как жарган акылмандыгы, акыл калчап иш кылгандыгы жана көрөгөчтүгү мындай өөн учурларга жол берген жок.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы Кыргызстан элин эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы деп бекеринен атаган эмес. Анткени бардык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында гана жүзөгө ашыруусу, алардын эл алдындагы жоопкерчилиги жана ачыктыгы бул мамлекеттик бийликтин негизги принциби болуп саналат.

Мамлекеттик бийликтин бардык бутактарына жана институттары, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү жогорудагы кырдаалды жөнгө салуудагы жана анын кесепеттерин жоюудагы иш-аракеттери мыйзамдуулукту таануу, мыйзамдар тарабынан жол-жоболоштурган тартипте ар ким өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусу аркылуу гана өз максатына жетет деген ишенимдебиз.

Албетте, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары тарабынан акыркы учурдагы көрүлүп жаткан иш-аракеттер кубандырбай койбойт, себеби бул укуктун үстөмдүүлүгү бардык коомдук мамилелердин пайдубалы экендигин айгинелейт. Кыргыз Республикасы дүйнөлүк аренада өзүн укуктук жана демократиялык мамлекет катары көрсөтүп, бир катар беделдүү эл аралык уюмдун мүчөсү болуп келет.

Дүйнөлүк коомчулуктун алдында Кыргыз Республикасы өзүн укуктук жана Борбор Азиядагы демократиянын туу чокусу болгон мамлекет катары кадыр-баркын жоготуу коркунучуна алып келди. Ошондуктан биз, прокуратура органдарынын ардагерлери, Кыргыз Республикасында мыйзамдуулукту сактоого жашообуздун көп бөлүгүн арнаган адамдар катары, коомдо жаралган бардык маселелерди чечүүнү укук талаасына кайтарып келүүнү, мыйзамдарда каралган каражаттар жана жолдор менен гана чечилишин суранабыз.

Ал эми кырдаалдын оордугунан пайдаланып саясий күчтөрдүн мыйзамсыз иш-аракеттерине, Конституцияда каралбаган коомдук институттарды түзүүдөн, жалпысынан алганда мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүнө, укуктун үстөмдүгүнө, Кыргызстан элинин бакубат жашоосуна терс таасирин тийгизген мыйзамсыз иштерди жасоодон карманууну талап кылабыз.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Жогорку Кеңеш жана Өкмөт менен биргеликте мамлекетти конституциялык аянтта бардык маселелерди чечүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралары майнаптуу жыйынтыкка алып келет деп терең ишенебиз.

Элибизге тынчтык жана бакубат, мамлекетке жана анын бийлик бутактарына укук талаасына кайтып келүүсүн, туруктуулукту орнотуусун жана өнүгүп-өрчүүсүн чын жүрөктөн каалап,

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын ардагерлери".

Пикир

Оставить комментарий