• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

«КР: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» темасындагы конференциянын резолюциясы

Президент 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. «Кыргыз Республикасы: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» темасында конференция

Биргелешкен билдирүү

Бишкек ш. 2019-жылдын 28-февралы

Биз, «Кыргыз Республикасы: региондорду өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» конференциясынын катышуучулары, жарандардын жашоосунун сапатын жана региондордун потенциалын жогорулатуу мамлекеттин жакынкы жылдардагы артыкчылыктуу милдети болуп калууга тийиш экендигин туура түшүнөбүз.

Биз Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы жана 2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө демилгесинин жогору маанилүүлүгүн баса белгилейбиз.

Биз 2018-2040-жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу зарылчылыгын колдойбуз.

Биз Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнүгүүсүнүн узак мөөнөттүү максаттарына жетүү, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алган комплекстүү мамилени эске алуу менен системалуу өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана мамлекет менен коомдун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл экенин ырастайбыз.

Биз региондорду экономикалык өнүктүрүү жеке секторго берилген демилгелерден жана мүмкүнчүлүктөрдөн, ал эми социалдык-маданий өнүктүрүү биринчи кезекте жергиликтүү коомчулуктардын катышуусунан көз каранды экендигин түшүнөбүз.

Биз өлкөнүн 20 пилоттук шаарында региондук адистештирүүнү калыптандыруу ар бир регионду андан ары социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн таасирдүү түрткү болот деп эсептейбиз.

Биз күчүбүздү региондорду комплекстүү өнүктүрүүгө багыттайбыз, ал өлкөнүн калкынын жашоо деңгээлин жакшыртууну ишке ашырууга тийиш. Региондорду өнүктүрүү максаттын максаты болбоого тийиш. Ал жер-жерлерде калктын жашоо сапатын жакшыртууга жана коргоого багытталган жана региондук саясатты адамдардын жашоосунун социалдык көрсөткүчтөрүнүн жана стандарттарынын жакшы жакка өзгөрүүлөрү боюнча өлчөө керек.

КОНФЕРЕНЦИЯНЫН РЕЗОЛЮЦИЯСЫ

Конференцияга мамлекеттик түзүмдөр, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун, бизнестин, эксперттик коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын катышуучулары:

2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу жана мамлекеттин жана коомдун күч аракеттерин, тажрыйбасын, билимин бириктирүү менен ар бир региондо өсүш орундарын түзүүгө умтулуу боюнча ар тараптуу кызматташууну өзүнүн жалпы жактоосу жөнүндө билдиришти;
бул конференция мамлекеттин бизнес-коомчулуктар жана жарандар менен өз ара аракеттенүүсүнүн жаңы моделин талкуулоо үчүн катышуучуларга ишенимдүү платформа берет деп белгилешти;
региондорду өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү жана колдоо боюнча зарыл чараларды кабыл алууга даярдыгын билдиришти.
Профилдик дискуссиялардын жана пикир алмашуулардын жүрүшүндө конференциянын катышуучулары:

региондорду өнүктүрүүгө багытталган башталган реформаларды ишке ашыруу зарылдыгын түшүнүп,

жеке секторду өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдөгү мамлекеттин өзгөчө ролун баса белгилеп,

региондук долбоорлорго инвестицияларды тартуу боюнча чараларды кабыл алуунун зарылчылыгын көңүлгө алып,

теориядан жана талкуулардан иш жүзүндөгү аракеттерге өтүү зарылдыгын белгилеп,

Кыргыз Республикасынын инклюзивдүү жана туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө жетишүүгө, табигый ресурстардын балансын сактоого көмөктөшүүнү каалап жана форумдун ишинин алкагындагы бардык талкууларды көңүлгө алып, ушул Конференциянын Резолюциясын кабыл алды жана төмөнкүлөрдү керек деп эсептейт:

Кыргыз Республикасынын Президентинин региондорду өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоо;
региондорду өнүктүрүүгө катышуу жоопкерчилигин өзүнө алуу жана өлкөнүн бардык жарандарын ушул процесске активдүү катышууга чакыруу;
координациялоо жана мониторинг жүргүзүү тийиштүү функцияларын берүү менен региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча бирдиктүү мамлекеттик органды аныктоо.

Конференциянын жыйынтыгы менен төмөнкү сунуштар кабыл алынды:

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына:

региондорду өнүктүрүү маселелери үчүн аянтча катары Улуттук диалогду жыл сайын өткөрүү боюнча чараларды көрүү;
Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин (мындан ары — Улуттук кеңеш) аянтчасында зарылдыгына жараша региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча жалпы улуттук аракеттерди жана иштин жыйынтыктарын кароону сунуштоо;
Улуттук кеңештин сунуштарынын алкагында региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону камсыздоо;
2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын биринчи кезектеги кадамдарын ишке ашырууну активдештирүү жана мониторинг жүргүзүү максатында Улуттук кеңештин алдындагы Адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча комитетти түзүү;
башкаруунун бардык деңгээлдерин квалификациялуу жана компетенттүү башкаруучу кадрлар менен камсыз кылуу үчүн кесиптик кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл буруу;
карьералык тепкич боюнча ырааттуу көтөрүлүүнү камсыз кылуу максатында саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды ротациялоо.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине:

мыйзам чыгаруу ишинин алкагында региондорду өнүктүрүүгө өбөлгө болгон концептуалдык ченемдик укуктук актыларды оперативдүү кароого жана бекитүүгө өзгөчө көңүл буруу;
өз ыйгарым укуктарынын алкагында региондорду өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоюу зарылдыгына көңүл буруу;
жергиликтүү коомчулукту өнүктүрүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатты түзө турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодексти иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарылдыгын кароо;
жер-жерлерде кабыл алынган мыйзамдардын бирдиктүү жана толук аткарылышы боюнча контролду күчөтүү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө:

—Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин жана стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды), иш-чаралардын планын 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жана 2018-2040-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы менен шайкештигин камсыз кылуу;

—башкаруунун бардык деңгээлдеринде региондорду өнүктүрүү милдеттерин чечүүгө ресурстарды (башкаруучулук, финансы, кадрдык) консолидациялоо;

—тармактык башкаруу жана региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча башкаруу системасын бирдиктүү комплекске координациялоо;

—өлкөнүн административдик-аймактык түзүлүшүн мейкиндик пландаштыруунун жана өркүндөтүүнүн заманбап стандарттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча маселелерди талкууну жигердештирүү;

—бюджеттер аралык мамилелер системасын өркүндөтүүнүн алкагында ЖӨБ органдарын экономиканы өнүктүрүүгө жана өнүктүрүү бюджеттерин түзүүгө түрткү берүүчү шарттарды түзүү;

—аймактарды өнүктүрүүнүн көрсөткүчтөрүнө жетишүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын — акимдеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү жана жоопкерчилигин күчөтүү;

—Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугуна, анын ичинде берилген ыйгарым укуктары бөлүгүндө жыл сайын баалоону жүргүзүү;

—региондордун өсүү жерлерин өнүктүрүүгө дем берүү боюнча ишти активдештирүү;

—чек арага жакын жана бийик тоолуу райондорду өнүктүрүүгө түрткү берүү үчүн зарыл укуктук жана административдик чөйрөнү түзүү боюнча ишти күчөтүү;

—чек ара маселелерин жана чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруу;

—инвестициялык саясат чөйрөсүндөгү, анын ичинде мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;

—инвесторлордун менчигин коргоо боюнча чараларды жана кепилдиктерди күчөтүү;

—региондордо чакан жана орто бизнести комплекстүү өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу;

—региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканаларын максаттуу колдоо программасын иштеп чыгуу;

—колдо болгон чийки зат базасына жана эмгек ресурстарына жараша айыл чарба продукциясын кайра иштетүү чөйрөсүндө өндүрүштүк кубаттуулуктарды мүмкүн болгон жайгаштыруу боюнча ишти активдештирүү;

—өздөрүнүн өндүрүштүк процесстери үчүн ресурстарга (билим, технология жана финансы) жеткиликтүүлүктү алууда майда товардык фермердик чарбаларга көмөк көрсөтүү;

—бизнес ачуу, уруксат берүүчү документтерди алуу жана инженердик тармактарга кошуу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү боюнча ишти күчөтүү;

—мамлекеттик-жеке жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн негизинде ири инфраструктуралык долбоорлорду (темир жол, автомобиль жолдорун, соода-логистикалык борборлорду, газ түтүктөрүн, ГЭСтерди куруу) ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тартуунун ар кандай формаларын кеңири пайдалануу;

—региондорду кластеризациялоону бекемдөөгө багытталган инвестициялык лотторду түзүү жана ишке ашыруу, алардын атаандаштык артыкчылыктарын күчөтүү жана экспортко багытталган ишканаларды мамлекеттик колдоо чараларын кеңейтүү боюнча ишти тездетүү;

—региондордун экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн чек ара соода-сатык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишти күчөтүү;

—электрондук соода-сатыкты киргизүү жолу менен ишкерлердин экспорттук-импорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

—жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн рынокторунда ата мекендик туристтик продуктуларды маркетингдик илгерилетүүнү камсыз кылуу;

—өнүгүү артыкчылыктары боюнча региондук экономика-түзүүчү долбоорлорду кредиттөө боюнча мамлекеттик финансылык институттардын жана фонддордун финансылык механизмдерин кеңейтүү;

—жергиликтүү долбоорлорду колдоого жана ишке ашырууга катышуучу эл аралык финансы институттарынын финансы маселелери, ошондой эле иш регламентинин маселелери боюнча окутуучу тренингдердин жана семинарлардын санын жана сапатын жогорулатуу;

—кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө бул чөйрөгө менчиктин бардык түрлөрүндөгү жеткирүүчүлөрдү тартууга жагымдуу чөйрөнү түзүүгө мүмкүндүк берүүчү бирдиктүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу;

—калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө санариптик технологияларды колдонуу спектрин кеңейтүү;

—региондор деңгээлинде санариптик башкаруучу инфраструктураны, аны «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы менен интеграциялоо мүмкүндүгү менен түзүү;

—өлкөнүн ар бир регионунда, биринчи кезекте бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын айылдык аймактарда бардык мектептерде интернетке кошууну аяктоо;

—региондордо өндүрүштүк потенциалды жогорулатуу максатында алдыңкы инновациялык технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

—санариптик технологияларды, кадрдык потенциалды жогорулатуу жана материалдык-техникалык базаны жакшыртуу жолу менен билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо чөйрөсүндөгү көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу;

—социалдык инфраструктуранын объекттерине (мектептер, бала бакчалар жана суу жабдуу объекттери) инвентаризациялоо жүргүзүү;

—жаңы маалыматтык-коммуникациялык жана лингвистикалык технологияларды колдонуу жана мектептик билим берүү системасы менен интеграциялоо менен техникалык кесиптик билим берүүнүн заманбап системасын түзүү;

— билим берүүнүн жана илимдин заманбап моделинин негизинде илимий-билим берүү комплекстерин жана, инновациялык мектептерди түзүү;

—ар бир региондо заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, каржылоо механизмдерин колдонуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн спектрин кеңейтүү жана стандарттарын карап чыгуу менен үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жаңы моделин ишке киргизүү;

—ар бир региондо жана калктуу конушта оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча интернат мекемелерине майып балдар жана чоңдор, улгайган жарандар үчүн күндүзгү борборлорго альтернативалуу болгон социалдык кызматтарды мекемелерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү механизмдери аркылуу көрсөтүү;

—ар бир региондо спорттун улуттук түрлөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү;

—экономикалык өнүктүрүүнүн туруктуулугун камсыз кылуу үчүн жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга багытталган институционалдык жана уюштуруучулук реформалардын процессин аларды пайдалануунун жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен натыйжалуулугун өркүндөтүү боюнча чараларды көрүү;

—мамлекеттик ресурстарды (жайыттарды, сугат жана ичүүчү сууну, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин, жергиликтүү маанидеги жер казынасын) башкаруу боюнча саясатты түзүүнү жана аткарууну камсыздоо;

—таштандыларды кайра иштетүүчү заводдорду куруу жана калдыктарды утилизациялоо боюнча активдүү чараларды көрүү, ошондой эле ар бир облуста таштанды полигондор үчүн жер участокторун бөлүү боюнча ишти тездетүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына:

жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;

жеке жарандын жана бүткүл жергиликтүү коомчулуктун өз алдынча башкаруу системасында жашоо укугуна жоопкерчилигин жогорулатуу: салыктарды төлөө, кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, шаардын, айылдын аймагында жашоо эрежелерин сактоо;

жарандардын сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө адилеттүү жетүүсүн камсыздоочу кызматтарды көрсөтүүнүн экономикалык туруктуу системасын түзүү;
региондордун келечектүү багыттары боюнча инвестициялык потенциалды түзүү;

региондорду өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу зарылчылыгы жана инвесторлордун ишине кийлигишүүгө жол берилбестиги жөнүндө жергиликтүү калктын арасында туруктуу негизде түшүндүрүү иштерин (угуулар, диалогдор) жүргүзүү;

региондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде калкты сергек жашоого үндөгөн чөйрөнү түзүү;

ишкердикти ишинде колдонуу үчүн жеткиликтүү ресурстар көрсөтүү менен аймактардын экономикалык паспортторун иштеп чыгуу;

калктуу конуштардын башкы пландарын, деталдуу пландаштыруунун долбоорлорун, шаар куруу документтерин иштеп чыгуу;

бюджеттик процессте артыкчылык болуп өнүктүрүү бюджетин түзүүнү орнотуу.

Бизнес-коомчулуктарга жана ишкерлерге:

региондордо ишкерлик ишти жүргүзүүнүн маселелерин козгогон ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин баалоо жана колдонуудагы ченемдик-укуктук актыларды экспертиза жүргүзүүдө консультацияларга активдүү катышуу;

аткаруу бийлик органдарына ишкерлик ишти пропагандалоодо, оң коомдук пикирди калыптандырууда, ишкердик иштин социалдык маанисин жогорулатууда, бизнес жүргүзүүнүн оң тажрыйбасын чагылдырууда көмөк көрсөтүү;

социалдык жооптуу бизнести, салыкты жашырууга жол бербестен жүргүзүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өндүрүштүн, соода-сатыктын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн формаларын жана ыкмаларын өркүндөтүү;

ЕАЭБдин алкагында, тактап айтканда өнөр жайлык өндүрүш жана жогору технологиялар жаатында атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында чакан жана ири бизнестин ортосундагы кооперациялык байланыштарды куруу багытындагы ишти улантуу;

региондордун ишкерлик ишин жүргүзүү шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелери жөнүндө үзгүлтүксүз маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу;

квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасында ишкерлик ишин жүргүзүүдө болуп жаткан көйгөйлөр жөнүндө маалымдоо;

Кыргыз Республикасынын региондорунда потенциалдуу жана ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун реестрин түзүүгө активдүү катышуу, айрыкча Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин маалыматтар базасынын негизинде;

импортту алмаштырууга жана экспортко багытталган продукцияга басым жасоо менен өндүрүш түзүүнү приоритеттештирүү;

ишкерлик ишине санариптик технологияларды жана инновацияларды колдонууга киргизүү.

Финансы–кредиттик мекемелерине:

экономиканын артыкчылыктуу тармактарында долбоорлорду кредитти кайтарууга жеңилдик мезгилин берүү менен каржылоо боюнча кредиттик продукттарды иштеп чыгуу;

күрөөлүк камсыздоо (ломбарддык кредиттөө) алдында гана кредиттер берилген учурда каржылоонун турукташкан механизмдерин кайра кароо. Долбоорлук каржылоо сыяктуу насыялоонун жаңы механизмдерин киргизүү;

өлкөнүн алыскы райондорундагы банк инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруу керек. Банкоматтардын достук түйүндөрү тутумун кеңейтүү жана банктардын мобилдик капчыктарынын ортосунда эсептешүүлөрдү жана накталай эмес акча которууларды жүргүзүүнү камсыздоо максатында мобилдик банкинг үчүн бирдиктүү стандарттарды жана платформаны киргизүү;

банктык продукттарды МКТны өнүктүрүүгө инвестициялоого көңүл буруу;

өзгөчө региондордогу жаңыдан баштаган ишкерлер үчүн кредиттик продукттарды иштеп чыгуу мүмкүндүгүн кароо. Стартап — долбоорлорду каржылоо зарыл. Консалтингдик кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүү;

Россия–Кыргыз Өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын экономикасын трансформациялоо, аны ЕАЭБдин рынокторуна ыңгайлаштыруу максатында долбоордук каржылоо принциптерин жана башка жаңы финансылык инструменттерин колдонууну кеңейтсин.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө:

2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы, 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясы жана 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» өнүктүрүү программасына ылайык региондорду өнүктүрүүгө багытталган пландарды жана программаларды координациялоо.

Пикир

Оставить комментарий