• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Саламаттык сактоо министрлиги тигүү буюмдарын текшерет

Коом 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Токсикологиялык лабораториясы тарабынан 2017-жылы текстилдик-тигүү буюмдарында, анын ичинде КРда өндүрүлгөн, ошондой эле сырттан алынып келинген балдардын жана мектеп кийимдеринде формальдегид, бензол жана толуолдун болушуна 95 изилдөө жүргүзүлгөн. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Нормадан чыгуулар аныкталган жок. 2018-жылдын башында лабораторияда 10 изилдөө жүргүзүлүп, формальдегид тиешелүү концентрациядан ашык болгон эмес.

КР ССМ Санэпидкөзөмөл департаментинин директору Төлө Исаковдун айтымында, бардык өлкөлөрдө текстилдик өнөр жайында формальдегидди кездемелерге кирип кетпеши жана формасын сактоосу үчүн колдонулуучу аппреттердин курамына кирет.

“Карагандада балдардын кийимдеринде формальдегиддин аныкталышы боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги дагы бир ирет базардагы жана өндүрүүчүлөрдүн тигүү буюмдарын лабораториялык текшерүүдөн өткөрөт. Алды менен бул тигүү буюмдарынын экспортерлорун, түрлөрүн аныктоо керек. Анткени башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын базарларында атамекендик гана эмес, көптөгөн чет элдик өндүрүүчүлөр да бар. Себептери ар түрдүү болушу мүмкүн”, - деп белгиледи Төлө Исаков.

Пикир

Оставить комментарий