• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Салык кодекси 2515-берене менен толукталды, ага ылайык жеке менчик медициналык уюмдар тарабынан бөйрөктүн терминалдык баскычтагы өнөкөт жетишсиздиги бар адамдарга гемодиализ кызматтарын көрсөтүү берими КНСтен (кошумча нарк салыгы) бошотулган берим болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий маалыматы боюнча азыркы учурда 12 менчик медициналык уюмда 1336 бейтап гемодиализ кызматын колдонуп жатат. Ошол эле учурда гемодиализ процедурасына муктаж болгон адамдардын саны көбөйүүдө.

КНС төлөөдө салык жеңилдиктерин берүү менчик медициналык уюмдарга гемодиализ аппараттарынын паркын, көмөкчү жабдууларды жаңылоого жана медициналык персоналдын квалификациясын жогорулатууга өбөлгө болот, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелерде адамдын өмүрү үчүн маанилүү болгон адистешкен медициналык жардам көрсөтүүгө муктаж болгондордун санын азайтууга мүмкүндүк берет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий