• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө Президенттин Жарлыгына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 23.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2013-жылдын 14-майындагы чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 22-майындагы № 109 «Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө» Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.

Өз ишмердигинин алкагында жумушчу топ Кыргыз Республикасынын шайлоо системасы үчүн маанилүү бир катар укук ченемдик актыларды (анын ичинде шайлоолордо инновациялык технологияларды колдонууну камтыган) иштеп чыгып, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган.

Жарлыктын жоболору менен жумушчу топтун курамына өзгөртүүлөр киргизилген. Андан тышкары жумушчу топтун алдына жаңы милдеттер коюлган.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий