• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР шахматчылары Өзбекстанда өткөн чемпионатта жакшы жыйынтык көрсөтүштү

Спорт 0

Бишкек, 23.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык шахматчы кыз Айжан Съездбекова Өзбекстанда өткөн Батыш Азия чемпионатында күмүш медалын алган. Бул тууралу шахмат федерациясынан кабарлашты.

Кыргызстандык 8 жашар кыз классикалык шахмат түрүн ойноп, 6,5 упай топтоп экинчи орунду ээледи. Ошондой эле ал блиц боюнча турнирге катышып “алтын” утуп алган.

Андан тышкары, 14 жашка чейинки категориясында Нурлан Сакибаев блиц боюнча экинчи орунду, Бегимай Заирбек кызы (18 жашка чейин) үчүнчү орунду ээлешкен.

Пикир

Оставить комментарий