• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«КР Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 30.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттина аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 27-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету кирешелер боюнча 51 013,7 млн сом суммасында, чыгашалар боюнча 50 309,7 млн сом суммасында, кирешелердин чыгашалардан 704,0 млн сом суммасында ашуусу менен бекитилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий