• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамына кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 28.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө” Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети кирешелер боюнча 51086,8 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 49850 млн. сом суммасында бекитилди, Социалдык фондунун 2018-жылга бюджетинин профицити 1236,8 млн. сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий