• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР өспүрүмдөр курамасы дзюдо боюнча Азия чемпионатында 3-орунга ээ болду

Спорт 0

Бишкек, 14.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук жаштар курамасы дзюдо боюнча Азия чемпионатында 3-орунга ээ болду. Бул тууралуу федерациянын басма сөз кызматы билдирет.

Азия чемпионаты Бейрут (Ливан) шаарында өткөн, ага 22 өлкөдөн барган спортчулар катышкан.

Төрт күндүн жыйынтыгы боюнча КРдин байге куржунунда 2 алтын жана 5 коло медаль бар:

- 81кг Шеров Эрлан – алтын (жаштар курамасы);

- 55 кг Айбек уулу Кубанычбек – алтын (жаштар курамасы);

- 50 кг Ырысбеков Ханболот - коло (өспүрүмдөр курамасы);

- 81 кг Нурланбек Рамазан - коло (өспүрүмдөр курамасы);

- 57 кг Бейшенаалы кызы Бегай - коло (жаштар курамасы);

+ 78 кг Нежникова Кристина - коло (жаштар курамасы);

- 100 кг Казатов Керим – коло (жаштар курамасы).

Маалыматка ылайык, турнирден соң дароо эле спортчулар 13нөн 17-майга чейин окуу-машыгууга катышышат.

Пикир

Оставить комментарий