• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

КР Спорт боюнча мамагенттиги Чоң-Далы айылынын спорттук залына күрөш килемин берди

Спорт 0

Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылынын спорттук залына күрөш килемин берди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

«Ааламга жол айылдан башталат дегендей, так ушундай залдарда балдар биринчи ирээт спорт менен таанышып, бул жерде жаш таланттар ачылып, спортко сүйүү ойгонуп, чоң спортко биринчи кадамдар башталат. Биздин милдет – жаш спортчуларды даярдоо жана дене тарбия менен үзгүлтүсүз машыгууга жарандарды тартуу үчүн бардык шарттарды түзүп берүү болуп саналат», – деди Аманкулов.

Өз кезегинде, Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы Ногойбек Самтыров жана айылдын тургундары бөлүнүп берилген спорттук инвентарь үчүн ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий