• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР спортчулары Кытайдагы кунг-фу чемпионатында байгелүү орундарды алышты

Спорт 0

Бишкек, 17.11.17. / Кабар/. Кыргызстандын салттуу ушу боюнча командасы Кытайдагы кунг-фу боюнча дүйнөнүн 7-чемпионатында бир алтын, 2 күмүш жана 5 коло медаль алышты.

КР салттуу ушу Федерациясынын президенти Лопаткин Евгений жетектеген команда тайцзи цюань жана сунси нэйцзя жана башка техникаларда чыгышты.

Федерациядан билдиришкендей, команданын курамына негизинен “Сейтек” борборунун ушу мектебинин спортчулары кирген.

Кунг-фу боюнча 7-чи дүйнө чемпионаты Кытайдын Сычуань провинциясында 2017-жылдын 7-11-ноябрларында өткөн. Биринчиликке дүйнөнүн 57 өлкөсүнөн 4 миңге жакын спортчу келген.

Пикир

Оставить комментарий