• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР спортчусу немец волейбол клубу менен келишим түздү

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын оюнчусу Анастасия Ильтнер немец “ТВ Фюрт 1860” волейбол клубу менен келишим түздү. Бул тууралуу КР волейбол федерациясынан кабарлашты.

Ильтер клубдун курамында Германия чемпионатынын үчүнчү лигасында ойнойт.

Мурда Ильтер “Салам-Алик” Бишкек клубунун курамында болчу. 2005-жылы ушул эле курамда алтын медалга ээ болуп, өлкөнүн мыкты волейбол оюнчусу аталган.

2017-жылы Бакуда (Азербайжан) өткөн Ислам шериктештик оюнунун алкагында КР курама командасынын ичинен коло медаль багындырган.

Пикир

Оставить комментарий