• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ССМ: Дааратканада табылган ымыркайдын абалы оор

Коом 0

Бишкек, 31-июль /Кабар/. Дааратканадан табылган ымыркайдын абалы оор. Бул тууралуу шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гульнара Джанабилова билдирди.

Анын айтымында, наристе жасалма дем алдыруучу жабдууда жатат. Дарыгерлер үшүп калуу, аспирациалык синдром диагнозун коюшту.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, ымыркай кыз ооруканага 31-июлда 11:30да алынып келинген.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, наристени Арча-Бешик конушундагы турак үйлөрдүн биринин дааратканасына таштап кетишкен. Кызды таап алган жергиликтүү жашоочулар милицияга жана тез жардамга чалышкан. Белгисиз аял төрөттөн кийин качып кеткени маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий