• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР студенттеринин Венгрия ЖОЖдоруна окуусу үчүн квоталар 200 орунга чейин көбөйтүлөт

Билим 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Кыргызстандык студенттердин Венгриянын жогорку окуу жайларында окуусу үчүн каралган квоталардын саны 200 орунга чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай келишим 2021-жылдын 4-октябрында Будапешт шаарында Кыргыз-Венгрия стратегиялык кеңешинин 1-жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугушуусунда макулдашылды.

Министр Р. Казакбаев ушул жылдын октябрында Венгриянын ТИМинин Stipendium Hungaricum маселелери жана Венгриянын Дипломатиялык академиясынын мамлекеттик катчысы Орсоль Паксай-Томасишти Кыргызстанда тосуп алууга жана КР ЖОЖдорунун ректорлор ассоциациясынын жана Венгриянын ректорлорунун конференциясынын форумун Кыргызстанда өткөрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий