• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР Түркиядагы элчилиги: Түркиянын ЖОЖдорунда акысыз билим алуу мүмкүнчүлүктөр бар

Билим 0

Бишкек, 18.01.20. /Кабар/. Кыргызстандыктардын Түркиянын жогорку окуу жайларында бакалавр, магистратура жана докторантура даражалары боюнча акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуу жайларга тапшыруу үчүн төмөнкү талаптарды аткаруу шарт.

Түркия Республикасынын мамлекеттик стипендиялары:

1. Шарттары жана талаптары:

1. 2020-жылдын 10-январынан 20-февралына чейин катталуу.

2.Катталуучулар Түркия Республикасынын мамлекеттик стипендиясынын https://turkiyeburslari.gov.tr/tr расмий сайтынан онлайн катталуусу шарт.

3. Катталуулар түрк, араб, англис, француз, орус, босния испан тилдеринде кабыл алынат.

4. Сайтта белгиленген суроолорго так жооп берилүүсү шарт.

5. Сайтта талап кылынган документтер системага толук жүктөлүүсү шарт.

6. Катталуу акысыз.

7. Колдон жана почта аркылуу жиберилген катталуулар кабыл алынбайт.

8. Бакалаврга тапшыруу үчүн 21 жаштан ашпоосу шарт.

9. Магистратурага тапшыруу үчүн 30 жаштан ашпоосу шарт.

10.Докторантурага тапшыруу үчүн 35 жаштан ашпоосу шарт.

11.Илимий изилдөө стипендиясына тапшыруу үчүн 45 жаштан ашпоосу шарт.

2. Эки турдун жыйынтыгы менен студенттер тандалып алынат.

1-тур: Катталуучулар Түркия Республикасынын мамлекеттик стипендиясынын https://turkiyeburslari.gov.tr расмий сайтынан онлайн катталуудан өтүүсү шарт.

2-тур: Биринчи турдан өткөндөр маектешүүгө чакырылат жана өз өлкөсүндө система тарабынан көрсөтүлгөн шаарлардын арасынан бирөөнү тандап, экинчи турга катышат. Толук маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине келет. Кайсыл университетке жана бөлүмгө өткөндүгү жана кайсыл убакытта Түркияга келиши керектиги тууралуу маалымат тапшыруучунун электрондук дарегине жиберилет.

3. Мүмкүнчүлүктөр:

1. Студенттин Түркияга алгачкы келиши жана окуусун аяктагандан соң кетүү учак билети акысыз.

2. Ай сайын стипендия берилет.

3. Акысыз дарылануу.

4. Бир жылдык акысыз түрк тилин үйрөнүү курсу.

5. Жатакана акысыз. Эртең мененки тамак жана кечки тамак акысыз (Кечки тамак 8 түрк лирасынан аша турган болсо, студент өз чөнтөгүнөн төлөйт).

6. Жатаканада жашоону каалабагандар үчүн акчасын (550 лира) Түркия стипендиялары төлөп беришет.

7. Акысыз академиялык курстар жана семинарлар, маданий жана социалдык иш-чаралар.

8. Катталуучу өзү белгилеген 12 университеттин ичинен бирөөсүнө жайгаштырылат.

4. Стипендиянын көлөмү:

1. Бакалавр үчүн – 800 лира

2. Магистратура үчүн – 1100 лира

3.Докторантура үчүн – 1600 лира

5. Ар бир университеттин койгон талабына жооп берүү:

1. Түркиядагы университеттердин көбүндө окуу программасы түрк тилинде өтөт. Ал эми кээ бир университеттер англисче жана башка чет тилдерде билим беришет. Ошондуктан TOEFL жана ушул сыяктуу тил боюнча сертификаттар талап кылынат. Мындан тышкары, кээ бир окуу программалары үчүн GRE, GMAT, SAT сыяктуу тесттердин сертификаты да талап кылынышы мүмкүн. Студент катталып жатканда тапшыргысы келген университеттин талаптарын да текшере алат.

2. С1 түрк сертификатына ээ болгон студенттер түркчө даярдоо курсун окубастан автоматтык түрдө окуусун баштайт. С1 түрк сертификатына ээ болбогон студент бир жылдык түрк тилин үйрөнүү курсун окуп, жыл аягында С1 сертификатына ээ болуусу керек.

6. Түркия мамлекети тарабынан каржыланган башка стипендиялык программалар:

1. Жетишкендик стипендиясы (1 жыл) – Түркияга өз мүмкүнчүлүгү менен келип, академикалык жетишкендиктерге ээ болгон студенттерге төмөнкүдөй стипендиялар берилет.

Бакалавриат - 440 лира.

Магистратура үчүн – 590 лира.

Докторантура үчүн – 880 лира.

Стипендия гана берилет. Жатакана жана акысыз дарыланууну камсыздабайт. Тапшыруу мөөнөтү 2020-жылы октябрь айында башталат.

2. Илимий изилдөө стипендиясы (3-12 ай) - Илимий изилдөөчүлөрдүн жана университет мугалимдеринин өз кесибине байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүүнү колдоо максатында уюштурулган. Ай сайын 3000 лира стипендия берилет. Жылына 4 жолу тапшырууга болот.

Тапшыруу мөөнөттөрү:

1. 1-январь 2020-жыл;

2. 1-апрель 2020-жыл;

3. 1-июль 2020 жыл;

4. 1-октябрь 2020-жыл.

3. КАТИП стипендиясы (8-10 ай) - Чет элдик мамлекеттик кызматкерлер, дипломаттар, университет мугалимдери жана илимпоздор үчүн түрк тилин үйрөнүү программасы. КАТИП стипендиясына катталуу тууралуу жана толук маалымат үчүн чет өлкөлөрдөгү түрк элчиликтерине кайрылуу зарыл. Ай сайын 2000 лира стипендия берилет. Учак билети, жатакана, түрк тили сабактары акысыз.

7.Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтемеден алсаңыз болот: https://turkiyeburslari.gov.tr/en/page/prospective-students/scholarship-programs

Пикир

Оставить комментарий