• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР таэквондочулары Фергана облусунун чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 02.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык таэквондочулар Өзбекстанда өтө турган Фергана облусунун таэквондо ITF ачык мелдешине катышат. Бул тууралуу ITF федерациясынын президенти Виталий Олейниченко билдирет.

Мелдеш 3-4-март күндөрү Ташкент шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан болжолдуу тандоодон өткөн өлкөнүн күчтүү таэквондочулары барат.

“Биздин спортчулар өз күчтөрүн көрсөтүп, жеңиш менен кайтат деген үмүттөбүз”,-деди Олейниченко.

Пикир

Оставить комментарий