• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР тай боксчусу Р.Фазиев Primal FCдеги ММА боюнча беттеште жеңип чыкты

Спорт 0

Бишкек, 27-март /Кабар/. КР тай боксу боюнча Федерациясынын спортчусу Рафаель “Атаман” Фазиев Primal FCдеги ММА боюнча Dark Moon Rising турниринде беттеште жеңип алды. Таймаш 2017-жылдын 24-мартында Таиланддын Пхукет аралында өткөн. Бул тууралуу тай боксу боюнча Федерациясы билдирди.

Рафаелдин атаандашы Индиянын Сурай Бахадур (Surai Bahadur) аттуу спортчусу болду.

Беттеш 1-раундда эле аяктады. Рафаель кол менен бир нече күчтүү сокку жасап, андан соң, тезиси менен атаандашынын башына бир нече кыйратуучу сокку жасаган. Ошентип, таймашты дароо партерге өткөрдү. Партерде дагы беттеш көпкө созулган жок, чыканагы менен бир нече соккудан кийин рефери урушту токтотту.

Учурда спортчу Таиланддагы PhuketTopTeam спорттук клубунда машыгып жана беттешип жатат.

Пикир

Оставить комментарий