• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ: 2022-жылдын 1-мартында чет өлкөлүк жарандар үчүн миграциялык амнистиянын мөөнөтү аяктайт

Коом 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 19-январындагы КР министрлер кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (“жашыл коридор) мөөнөтү такталды – 2022-жылдын 1-марты, деп билдирет КР Тышкы иштер министрлиги.

Маалымат үчүн: дүйнөдө коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулган учурда, 2020-жылдын 17-мартында КР өкмөтүнүн №84-б буйругу кабыл алынган, алга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.

Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, КР министрлер кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридорду” 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды.

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виз, каттоо) тариздөө сунушталат.

Кыргыз Республикасынын визалары 2017-жылдын 15-мартындагы КР өкмөтүнүн №155 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө Жобосунда көрсөтүлгөн тиешелүү негиздер бар учурда “Электрондук виза” порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.

Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып жирүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынан чыгуусу айыппул төлөнгөндөн жана чыгуу вазасы таризделгенден кийин гана мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт.

Толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылуу керек:

(+996) 312 66-30-70;
(+996) 703 42-88-65 (+Whatssapp);
Instagram: @visacenterkg;
Telegram: @ visacenterkg

Пикир

Оставить комментарий