• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

КР ТИМ Афганистан ТИМнин жанында жасалган террордук актыны айыптайт

Саясат 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Афганистандын Тышкы иштер министрлигинин жанында жасалган террордук актыны айыптайт.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, террордук актынын натыйжасында Афганистандын жарандары, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер каза таап, жарадар болгон.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.

Пикир

Оставить комментарий