• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ АКШнын визалык чектөөсү боюнча: Эки тараптуу мамилеге сокку урулду

Саясат 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгендигине байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө төмөнкүдөй айтылат:

"Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын администрациясы тарабынан кабыл алынган чечимге өкүнүп жатат. Бул Кыргызстан менен Американын эки тараптуу мамилесине сезилерлик сокку урду. Кыргызстанда биометрикалык документтер мурда эле бериле баштагандыгы жөнүндө Америка тарап билчү. Бирок айрым объективдүү себептерден улам создуктурулуп жаткан. Аны менен бирге кыргыз тарап Кыргызстандын мыйзамынын алкагында АКШ менен керектүү маалыматтарды бөлүшүп турган. Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жигердүү катышкан мамлекет болуп саналат. Ошондой эле терроризм менен күрөшүүдө өз салымын кошту жана учурда да кошуп жатат.

Аны менен бирге ушул тапта биометрикалык паспорт киргизилбеген 80ден ашуун өлкө бар. Визалык чектөө болсо тандалма түрдө айрым гана мамлекеттерге киргизилген. Бул парламенттик демократиянын өнүгүүсүн ишке ашырып келе жаткан Кыргыз Республикасы үчүн өнөктөштүк колдоого жатпайт.

Кыргызстандын өкмөтү өлкөдөгү санариптештирүүнүн деңгээлин жогорулатуу, бюрократия жана коррупцияны жоюу боюнча иштерди жүргүзүп келген жана жүргүзө берет. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен америка тараптын кабыл алган чечими эки жактуу кызматташтыкты артка тартат деп эсептейбиз. Аны менен катар Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамилени коструктивдүү жолго салууга даяр".

Пикир

Оставить комментарий