• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ башчысы 29-31-мартта Японияга иш сапары менен барат

Саясат 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев 2017-жылы 29-31-мартта эки жактуу дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш сапары менен Японияга барат. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленген программанын алкагында КР ТИМ башчысынын Япониянын тышкы иштер министри Ф.Кисидо, жер, инфратүзүм, транспорт жана туризм министри К.Ишии, эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинин (JICA) президенти Ш.Китаока, Япония өкмөтүнүн жогорку кызматтагы чиновниктери, депутаттары, Япония-Кыргызстан достук Лигасынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле, алдыңкы япониялык корпорацияларда бир катар жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, министрдин сапарынын жүрүшүндө тараптардын иштелип чыккан эл аралык келишимдерге кол коюушу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 26-январда Кыргыз Республикасынын жана Япониянын мамлекет жана тышкы саясат ведомтсволорунун башчылары дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышкан.

Пикир

Оставить комментарий