• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Чолпон-Атадагы "ЕБ – БА" II саммитинин күн тартиби тууралуу айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 02.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев журналисттерге берген маегинде Чолпон-Ата шаарында өтө турган "Европа Биримдиги — Борбордук Азия" экинчи саммитинин алкагында талкуулана турчу маселелер тууралуу айтып берди.

Министр белгилегендей, саммиттин алкагында Европа Биримдиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташуусу, ЕБ менен БА өлкөлөрүнүн ортосундагы сооданы жолго коюу, климат, санариптештирүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат.

“Саммиттин алкагында бардык катышуучулар күн тартибине киргизилген маселелер боюнча сөз сүйлөгө мүмкүнчүлүк алат. Саммиттин иши жемиштүү болуп, тараптардын күтүүлөрүн актайт деп үмүттөнөбүз”, - деди ал.

Эскертке кетсек, “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” биринчи саммити 2022-жылдын октябрь айында Казакстандын Астана шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий