• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ башчысы Дубайда мекендештер менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өзүнүн Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарынын алкагында мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлаган.

Маалыматка ылайык, жолугушууга келген мекендештерге кыргыз-эмират кызматташтыгы жана келечекте аны бекемдөө боюнча иш-чаралар тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү ТИМ башчысына өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, өздөрүнүн ойлору жана демилгелери менен бөлүшкөн.

Айдарбеков мекендештердин суроолоруна жооп берип, айрымдарынын ишке ашышын өз көзөмөлүнө алаарын убадалады.

Андан тышкары Айдарбеков КРнын президентинин аппараты алдында түзүлгөн мекендештер менен болгон байланыш Кеңеши тууралуу айтып берген.

“Кеңештин негизги максаты –чет өлкөлөрдө окуп, эмгектенип жүргөн мекендештер менен мамлекет ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын колдоо”, - дейт Айдарбеков.

Жолугушуунун соңунда Айдарбеков БАЭнын жетекчилери менен болгон жолугушуулар жана алардын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий