• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

КР ТИМ башчысы ЕБ тышкы иштер боюнча жаңы жогорку өкүлү менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бүгүн Брюссель шаарында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Европа Бирлигинин (ЕБ) тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жаңы жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР менен ЕБ ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын азыркы абалын жана КР менен ЕБнын ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечектерин, ошондой эле 2021-2027-жылдарга Көп жылдык индикативдик программаны талкуулашты.

Жогорку өкүл өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасына ар тараптуу жардам жана колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.

Тараптар ошондой эле Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясын жана ЕБ-БА тышкы иштер министрлеринин 15-жолугушуусунун жыйынтыктарын талкуулашты.

ЕБ-БА биринчи Экономикалык форумун даярдоо жана өткөрүү маселелерине өзүнчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий