• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Германиянын элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Германиянын элчиси Моника Иверсендин жолугушуусу болуп өттү.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-немис кызматташтыгы боюнча маселелер талкууланды.

М.Иверсен Германия Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин жана эл аралык уюмдардын алкагында да кызматташуу эки тараптын мамилелеринин өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенерин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда келечектеги кызматташуусунун багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий