• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ башчысы Япониядагы «FUJITSU» компаниясынын демонстрациялык кеңсесине барды

Саясат 0

Бишкек, 30-март /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 30-марттагы Японияга иш сапарынын алкагында Япониядагы «FUJITSU» компаниясынын демонстрациялык кеңсесине барып, анын корпоративдик аткаруучу директору Такеси Накадзимо жетектеген компаниянын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Бул уюм IT-технологиялар жана электроника өндүрүшү тармагында дүйнөлүк лидерлердин бири болуп саналат. «FUJITSU» компаниясы жаңы технологиялар жаатындагы акыркы жетишкендиктери менен тааныштырды. Жалпысынан, компанияда 156 миң адам иштеп, дүйнөнүн 100 өлкөсү менен кызматташат.

Кыргыз тарап өздүктү аныктоо, жаратылыш кырсыктарын алдын ала эскертүү, мамлекеттик чек араларды коргоо тутумдары сыяктуу компаниянын өндүрүмдөрү менен таанышты.

«FUJITSU» компаниясынын өкүлдөрү Япония өкмөтүнүн сапаттуу инфратүзүмдү жайылтуу демилгесинин алкагында өлкөбүз менен жигердүү кызматташуу жана үстүбүздөгү жылдын апрелинде Кыргызстанда өтө турган семинарга катышуу ниетин билдирди.

Министр «FUJITSU» компаниясынын алдыңкы технологияларын көп тармакта колдонууга болорун билдирип, кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий