• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Катардын элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 15.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлда КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Катар мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдалла Ахмад Аль-Сулайти менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө коронавирустук инфекциянын жайылып жаткан шарттарында өлкөлөрдөгү учурдагы кырдаал, анын терс социалдык-экономикалык кесепеттери, эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн вирустун жайылышына каршы чаралары жана биргелешкен аракеттеринин келечектери тууралуу пикир алмашуу болду.

Элчи А. Аль-Сулайти Катардын өкмөтүнүн Кыргызстанга гуманитардык жардам бөлүп берүү чечими жөнүндө маалымдады жана вирус менен күрөшүүдө, ошондой эле социалдык долбоорлорду ишке ашырууда анын өлкөсүнүн биздин өлкөгө мындан ары дагы колдоо көрсөтүүнү улантарын тастыктады.

Кыргыз-катар эки тараптуу кызматташтыгынын жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу келечектеринин маселелери менен бирге, тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин дагы талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий