• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ башчысы Казакстандын элчисин кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Кокрекбаев Айдарбековду КРнын ТИМ башчысы болуп дайындалышы менен куттуктаган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын маанилүү маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, чек ара жана маданий-гуманитардык тармактагы кызматташуу маселелерин талкуулашкан. Ошондой эле жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча кеп болгон.

Пикир

Оставить комментарий