• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Кытайдын Кыргызстандагы элчиси менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Борбордук Азия-Кытай форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышуунун алкагында Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алдында бүгүн, 8-майда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын алдыдагы боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен курман болгон Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп, КРнын жетекчилиги тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды тынчтык жолу менен чечүү, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди кубаттады.

Кытай тарап дипломатиялык аракеттер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү камсыздалат деген ишенимин билдирет.

Пикир

Оставить комментарий