• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысы менен Азербайжандын элчиси кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 13.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 13-августта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Тараптар министр Р.Казакбаевдин 2021-жылдын 1-3-июлундагы Баку шаарына болгон иш сапарынын жыйынтыктарын, ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жана мамлекет башчыларынын деңгээлинде Мамлекеттер аралык кеңеш түзүү, жакынкы келечекте «Борбордук Азия - Түштүк Кавказ» (5+3) региондор аралык платформасын түзүү жана кыргыз-азербайжан инвестициялык фонду жөнүндө макулдашууларды жандантуу боюнча кыргыз тараптын демилгелерин талкуулашты.

Элчи Г.Оруджев азербайжан тарап Кыргызстандын бардык демилгелерин колдой тургандыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун 2021-жылы күзүндө өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти.

Р.Казакбаев Кыргызстандагы ички саясий абал жана алдыда КР Жогорку Кеңешине боло турган шайлоо тууралуу маалымдады.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Азербайжан менен Кыргызстандын Достугу паркынын жана Бишкекте жалпы билим берүү мектебинин курулушун аяктоо зарылдыгы боюнча пикир алмашышты.

Министр 40 миң доза «AstraZeneca» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн азербайжан тарабына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр Азербайжандын элчиси Г.Оруджевди Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлүүчү салтанаттык иш-чараларга катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий