• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР ТИМ башчысы менен ЕБ атайын өкүлү кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24-апрель /Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев КРнын расмий жактары менен эки тараптуу консультацияларды жүргүзүү максатында кезектеги иш сапары менен Кыргызстанга келген Европа биримдигинин (ЕБ) Борбордук Азия (БА) боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2017-жылы 15-17-февралындагы ЕБ институттарына сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Алдыда Кыргызстанда ЕБ-БАнын саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диологун өткөрүү, андан тышкары Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча контекстинде аймактык форматтарында КР менен ЕБдин кызматташтыгынын алгылыктуу багыттарынө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий