• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Монголияга расмий сапар менен барды

Саясат 0

Бишкек, 29.05.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголияга расмий сапары менен барды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришт .

Расмий сапардын алкагында Монголиянын тышкы иштер министри Б.Батцэцэг менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле Монголиянын президенти У.Хурелсух менен жолугушуу пландалган.

Мындан тышкары, КР делегациясынын курамына КР айыл чарба министри А.Жаныбеков, экономика министринин орун басары И.Асылкулов, КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы А.Абдувапов кирген, алар Монголиянын Экономика жана өнүгүү министрлигинин, Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин, Салык кызматынын жана Токой чарба агенттигинин жетекчилери менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Кулубаев Монголияга аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Батмунхийн Батцэцэгдин чакыруусу менен барган.

Пикир

Оставить комментарий