• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Монголиянын президенти менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 30.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Тараптардын жолугушуусу бүгүн, 30-майда Монголияда өткөн.

Президент У.Хурелсух Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кылымдык достукка негизделген кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууда чоң потенциал бар экенин айтып, эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер министри Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жылуу каалоо-тилектерин жеткирди.

Министр саясий диалогду мындан ары тереңдетүүнүн, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ал ошондой эле Монголиянын айыл чарба, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кыргыз тарап кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, президент Жапаровдун «Жашыл мурас» демилгесинин максаттары жана милдеттери менен Монголиянын президенти Хурэлсухтун «Миллиард дарак» улуттук программасы шайкеш экендиги белгиленди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле соода көлөмүн кеңейтүү, транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу, билим берүү жана саламаттыкты сактоо, тигүү жана текстиль тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий