• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

КР ТИМ башчысы Нур-Султандагы Эл аралык Түрк академиясына барды

Саясат 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Казакстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Эл аралык Түрк академиясына барды. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирет.

Сапардын жүрүшүндө Академиянын президенти Д.Кыдырали менен жолугушту.

Казакбаев эки боордош элдин жана жалпы түрк мамлекеттеринин маданиятын жана салттарын даңазалоодо Академиянын жана жеке Кыдыралинин ишин жогору баалады.

​Атап айтканда, жакында казак тилинде басылып чыккан «Манас» эпосу жана кыргыз тилинде басылган Абайдын китеби Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда маданий-тарыхый байланыштарды жана рухий интеграцияны мындан ары бекемдөөгө кызмат кыла турганы баса белгиленди.

Академиянын башчысы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов» академиясы тарабынан демилгеленген «Манас дүйнөлүк мейкиндикте» («Манас в мировом пространстве») Атласын даярдоо боюнча кыргыз тарабынын сунушун колдоду.

Жолугушуунун аягында тараптар түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы мамлекеттер аралык маданий-гуманитардык диалогду мындан ары өнүктүрүүнүн өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгилешти жана тийиштүү иш-чараларды пландаштырууда жана уюштурууда андан ары тыгыз өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий