• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Руслан Казакбаев ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жольм менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Кечээ, 27-апрелде КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Кыргызстандагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Кристин Жольм менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Казакбаев COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргыз Республикасына көрсөтүүлүүчү бир катар гуманитардык жардамы, ошондой эле эпидемиологиялык абалды эске алганда мектеп окуучуларын дистанттык окутууну ийгиликтүү иштетүүгө көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Министр Ирактагы кыргыз балдарын репатриациялоодо жардамын өзгөчө баса белгиледи. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кристин Жольм кыргыз тараптын Ирактан 79 баланын репатриациялоону ийгиликтүү өткөргөндүгү менен куттуктады. Ошондой эле, Сириядагы конфликтүү зоналардан Кыргызстандын жарандарын жана алардын балдарын кайтарып берүү маселеси талкууланган.

Руслан Казакбаев ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы долбоорлорунун, атап айтканда, балдарга билим берүү мекемелерине жана мектептерине жана оор жашоо абалындагы балдарга электрондук кезектердеги маалымат базасын түзүүнүн, алыс жайгашкан мектептерге Интернет тутумуна туташтыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министр ошондой эле эмгек мигранттары болгон ата-энелер тарабынан калтырылган балдардын абалы жөнүндө тынчсызданып, зордук-зомбулук тобокелдигин азайтуу боюнча ишти күчөтүүнү, ошондой эле аларга кам көргөн адамдардын милдетин жогорулатуу жөнүндө суранган.

Министр балдарды жана алардын укуктарын социалдык жактан коргоо көйгөйлөрүн чечүүдө тыгыз жана макулдашылган иштерди жүргүзүү зарылчылыгын белгиледи. Ошол эле учурда, ал биргелешкен иш-чаралар балдардын кеңири көйгөйлөрүн камтышы керек экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасындагы эл аралык кайрымдуулук фонддорунун долбоорлорун координациялоону ЮНИСЕФке сунуш кылды.

Андан тышкары, тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси Чоң жана Кичи Афганистан Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга жайында гуманитардык жардам жеткирүү боюнча пландары тууралуу маалымдады. Анын ичинде, памирдик кыргыздар үчүн билим берүү жана саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоодо көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну ЮНИСЕФке сунуштады.

Жыйынтыгында, Р.Казакбаев К.Жольмдун ишине ийгиликтерди каалап, Кыргыз Республикасы менен ЮНИСЕФтин ортосундагы жемиштүү кызматташууну мындан ары улантууга даяр экендигин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий