• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев расмий визит менен Азербайжанда жүрөт

Саясат 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Ушул жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Азербайжанга расмий сапары башталды, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Казакбаев «Алят» эркин экономикалык аймагынын ыйгарым укуктуу түзүмүнүн башкармалыгынын төрагасы Валех Алескеров менен жолугушту.

Казакбаев Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча ченемдик укуктук базаны даярдоодо жана инвесторлор үчүн зарыл шарттарды жана кепилдиктерди түзүүдө тажрыйбаны үйрөнүүгө жана кабыл алууга кызыкдар экендиги жөнүндө маалымдады.

Башкармалыктын төрагасы В. Алескеров «Алят» ЭЭА жана ЭЭАнын мыйзамдарынын экстерриториалдык мүнөзү жөнүндө кеңири айтып берди. Анын өзгөчөлүгү жогорку технологияларга, дүйнөлүк деңгээлдеги ишкердик чөйрөсүнө жана «билим экономикасын» экспорттоого багытталгандыгында.

Өз кезегинде министр башкаруу структураларынын деңгээлинде дагы, тышкы экономикалык иш аракеттердин субъекттеринин деңгээлинде дагы «Алят» ЭЭА менен «Бишкек» ЭЭАнын ортосунда эки тараптуу байланыштарды жана өз ара пайдалуу ишкердик кызматташтыкты орнотууну, ошондой эле соода жана инвестицияларды көбөйтүүнү сунуш кылды.

Жолугушуунун аягында министр Р. Казакбаев В. Алескеровду Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Маалымат үчүн: «Алят» ЭЭА 2020-жылдын май айында соода-логистикалык борбор катары түзүлгөн. «Алят» ЭЭА дүйнөлүк деңгээлдеги транзиттик жана логистикалык инфраструктура менен ишкер чөйрөнү камсыз кылууга, жогорку наркы бар продукцияны экспорттоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий