• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысы Сауд Аравия парламентинин вице-спикери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Сауд Аравия Падышалыгына жасаган расмий сапарынын алкагында САПтын Мажлис Аш-Шурасынын (парламентинин) вице-спикери доктор Мишааль Мухаммед Аль-Сулами менен жолугушуусу өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-сауд мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин кеңири талкуулап, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий диалогду чыңдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Ошондой эле тараптар Сауд Аравиясынын парламенттик делегациясынын жакында Кыргызстанга болгон иш сапарына жана анын жүрүшүндө Кыргызстандын жогорку кызмат адамдары менен болгон мазмундуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына токтолушту.

Тараптар өз ара сапарларды уюштурууда зарыл көмөк көрсөтүүнү, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну жана эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү жогорулатууга басым жасоону, тез арада түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну, туризм тармагын өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын жарандары үчүн Сауд Аравиясына кирүү жол-жоболорун электрондук туристтик виза берүү аркылуу жеңилдетүүнү макулдашты.

Жолугушууда М.Аль-Сулами эки тараптуу кызматташтыктын жогорку динамикасын канааттануу менен белгилеп, эки элдин тарыхый жакындыгына жана маданиятынын жалпылыгына өзгөчө басым жасады.

Министр Ж.Кулубаев 2022-жылдын март айында дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгында (2022-жылдын 19-октябры) кыргыз-сауд мамилелеринин тарыхында САПтын тышкы иштер министри Ханзаада Файсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапарын канааттануу менен белгиледи.

Ошону менен бирге ал маектешинин көңүлүн эмгек миграциясын өнүктүрүү зарылчылыгына буруп, Кыргызстан саудиялык "Saudi Vision 2030" программасынын алкагында аткарылып жаткан иштерди жогору баалай турганын билдирип, Сауд Аравиясынын Жакынкы Чыгыш аймагындагы маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле министр Кыргызстан падышалыктын Ислам кызматташтык уюмунун алкагында аткарып жаткан жигердүү ишин жана падыша Салман гуманитардык жардам борборунун дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчундагы кайрымдуулук иштерин жогору баалай турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда эл аралык күн тартибиндеги маселелер, анын ичинде аймактык коопсуздук жана Украинадагы, Афганистандагы жана Йемендеги учурдагы кырдаал талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий