• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Шри-Ланканын элчисинен ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-августунда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Шри-Ланка Демократиялык Социалисттик Республикасынын элчиси Мохан Виджевикраманын ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Министр Р.Казакбаев Шри-Ланканын элчиси менен саламдашкандан кийин аны дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады. Министр достук Кыргызстан-Шри-Ланка мамилелери Кыргызстандын тарыхынын советтик мезгилинде, кыргыз дипломаты Кеңеш Кулматов 1985-1990-жылдары СССРдин Шри-Ланкадагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгондо түзүлгөнүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу саясий жана соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, эки тараптуу мамилелерди активдештирүү үчүн тараптар укуктук базаны чыңдоо жана эки өлкөнүн ортосундагы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги визиттер менен алмашуу зарылдыгын белгилешти.

Ушуга байланыштуу ар түрдүү тармактардагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимдердин долбоорлору Шри-Ланка тараптын кароосуна берилди. Шри-Ланканын Элчисинен Шри-Ланканын тышкы иштер министри Динеш Гунаварденге Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырууну жеткирүү сунушталды.

Ошондой эле эки тарапты кызыктырган актуалдуу эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, министр Р.Казакбаев Шри-Ланканын тышкы иштер министри Д.Гунаварденанын дарегине расмий билдирүүнү тапшыруу менен 2023-2025-жылдар аралыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо өтүнүчүн билдирди.

Мындан тышкары, министр Шри-Ланканын элчисинен Шри-Ланкадагы соттун акыркы чечимин күтүп жаткан Кыргыз Республикасынын жараны Д.Захаровдун мекенине кайтып келүүсүнө көмөктөшүүсүн суранды.

Жолугушуунун аягында министр Р.Казакбаев Шри-Ланканын элчисине жооптуу ишине ийгилик каалоо менен бирге, аны 2021-жылдын 30 жана 31-августуна пландаштырылган Кыргыз Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий