• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Ташкентте КМШ ТИМКнын жыйынына катышууда

Саясат 0

Ташкент, 7-апрель /Төлөнбай Курбанов-Кабар/. КРнын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн Ташкентте (Өзбекстан) Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин кабарчысы жеринде билдирди.

Азыр КМШ ТИМ башчыларынын тар курамдагы жолугушуусу болууда. Анда Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ТИМ башчылары аймактык коопсуздук жана туруктуулук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүү, КМШ өлкөлөрүн туруктуу өнүктүрүү менен камсыздоонун актуалдуу маселелери, андан тышкары Сириядагы окуясынын кесепеттери боюнча пикир алмашууда.

Күн тартибине жалпысынан 15 документ киргизилген, анын ичинен 10 документти Шериктештинтин мамлекет башчыларынын жана Өкмөт башчыларынын кароосуна киргизүү үчүн жактыруу пландалууда.

Документтердин долбоорлору Шериктештик өлкөлөрүнүн тышкы саясий, укуктук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуу, андан тышкары мүчө-мамлекеттердин коопсуздугун камсыздоодо өз ара аракеттери маселелерине байланыштуу. Ошондой эле, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо го, терроризмди каржылоого жана массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууга каршы аракеттер тууралуу документтерге өзгөртүлөрдү киргизүү пландалган.

Пикир

Оставить комментарий