• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

КР ТИМ башчысы жана Израиль элчиси кызматташтыктын өнүгүү перспективаларын талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев резиденциясы Нур-Султан шаарында жайгашкан Израилдин Кыргызстандагы элчиси Лиат Вексельман айымды кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин кеңири чөйрөлөрү жана кызматташтыктын өнүгүү перспективалары боюнча кылдат сүйлөшүү болуп өттү. Өзгөчө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба, туризм жана Кыргызстандын экономикасына израилдик инвестицияларды тартуу маселелери камтылды.

Министр Казакбаев израилдик дипломаттан эки өлкөнүн бизнес чөйрөлөрү ортосундагы ишкерлер байланыштарын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө чакырып, биринчи кыргыз-израиль бизнес-форумун өткөрүү керектигин белгилеп кетти. Ошондой эле жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин ортосунда саясий консультацияларды өткөрүү жана эл аралык күн тартибинде турган актуалдуу маселелер тууралуу маалымат алмашуу жаатында кызматташуу келишимине жетишилди.

Элчи Вексельман көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ыраазычылыгын билдирип, эки тараптуу мамилелерди жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү ишин улантып, болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий