• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысы ЖККУнун башкы катчысына кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди

Саясат 0

Бишкек, 03.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Станислав Зась менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аймактык коопсуздукту камсыз кылуу, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды эске алуу менен ЖККУнун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле алдыдагы тышкы иштер министрлер кеңешинин, коргоо министрлер кеңешинин, Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинин биргелешкен жыйынына жана ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына даярдык көрүү маселелери талкууланды.

"Аймактагы кырдаалга токтолуп, министр Кулубаев маектешине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат берди. Тажик тараптын мыйзамсыз аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген акция экенин белгиледи", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле КР ТИМ башчысы Кыргызстан эки өлкө ортосундагы бардык маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен гана чечүү зарыл деген өзгөрүүсүз позицияны кармана турганын жана ушунун аркасында кырдаалды турукташтырууга негиз түзгөн макулдашууларга жетишүүгө мүмкүн болгонун баса белгиледи.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу үчүн ал Нью-Йоркто өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жумушчу жыйынында жетишилген макулдашууларды, ЖККУнун учурдагы механизмдерин мүмкүн болушунча тез арада ишке киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кулубаев ЖККУнун алкагында Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске алуу менен бардык багыттар боюнча натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр ЖККУнун башкы катчысына жооптуу кызматтагы ишмердүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий