• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Ниязалиев Ирандын элчиси менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июлунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ирандын Кыргызстандагы элчиси Саид Харази менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жЖолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран мамилелерин, анын ичинде эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында өнүктүрүү маселерин талкуулашты.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин Кыргызстанга болгон жумуш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу зарылдыгы өзгөчө белгиленди.

Учурдан пайдаланып министрдин биринчи орун басары Н. Ниязалиев элчи С. Харазини Иранда президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, кыргыз тарабынын Ирандын шайланган президенти Аятолла Сейед Эбрахим Раисинин ушул жылдын 5-августунда өтө турган инаугурациясына катышуу ниетин билдирди.

Ошондой эле жолугушууда тараптар Афганистандагы жана анын чектеш аймактарындагы учурдагы аскердик-саясий кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту эртерээк орнотуу үчүн өлкөлөрдүн афгандар арасындагы элдешүү процессин колдоого умтулуусун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-иран мамилелерин мындан ары чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий