• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын биринчи орун басары Украинанын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 28-январында Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууга ошондой эле Кыргызстандын Украинадагы жаңы дайындалган элчиси Идрис Кадыркулов катышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле кезектеги ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүү аркылуу саясий диалогду тереңдетүүгө басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Тараптар 2022-жылы Кыргызстан менен Украинанын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биргелешкен иш-чараларды өткөрүү ниетин ырасташты.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерине, кызматташтыкты арттыруунун келечегине кеңири токтолуп, эки тараптуу бизнес-форум уюштуруу, кыргыз-украин өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий