• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 19.01.23./Кабар/. Бүгүн, 19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Тактап айтканда, аймактык коопсуздук, соода-экономикалык кызматташуу, анын ичинде америкалык компанияларды тартуу, Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды түзүү жана USAID аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылыкка ээ болгон тармактарда кызматташууну мындан ары да арттырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий