• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

КР ТИМ башчысынын орун басары Артыкбаев ИСЕСКО башкы директору менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 7-декабрында Каир шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ислам дүйнөсүнүн билим, илим жана маданият боюнча уюмунун (ИСЕСКО) башкы директору Салим бин Мухаммад бин Абдулла Аль-Малик менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун учурдагы жигердүү ишмердүүлүгүн жана Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Кыргызстан жана ИCЕСКОнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы чараларды кеңири талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жакынкы аралыкта бир катар долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда, Кыргызстандын билим берүү системасын өркүндөтүүгө багытталган методикалык программаларды биргелешип иштеп чыгуу жана кыргыз адистеринин ИCЕСКОнун базасында квалификацияларын жогорулатуу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Жолугушуунун соңунда Салим Аль-Малик кыргыз тарапты 2022-жылы Марокконун Рабат шаарында өтө турган ИCЕСКОнун Башкы конференциясынын кезектеги сессиясына катышууга чакырды

Пикир

Оставить комментарий