• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

КР ТИМ башчысынын орун басары ЕБнын КРдагы өкүлчүлүгүнүн башчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 16.03.22./Кабар/. КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерге арналган жолугушууда жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, регионадык иш-чаралар, Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу талкууланды.

Тараптар көп жылдык индикативдик программанын алкагында мамлекеттик башкаруу, билим берүү, санариптик трансформация, жашыл экономиканы өнүктүрүү жана курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы долбоорлор жана программалардын жүрүшүнө да токтолушту.

Мындан тышкары, эл аралык жана регионалдык саясат жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий